Викиказына:Локалдаштыруу
Викиказына — эл аралык болгондуктан, көп тилдүү долбоор. Демейки тил — англис тили болгону менен, долбоор ар тилдүүлөргө арналган.
Интернационалдаштыруу — программалык деңгээлде өзгөртүүлөрдү киргизбестен, ар кандай тилдерге жана жер-жерлерге ыңгайлашуучу программалык камсыздоону иштеп чыгуу процесси. Локалдаштыруу — кайсы бир жерге мүнөздүү компоненттерди кошуу жана текстти которуу аркылуу интернационалдаштырылган программалык камсыздоону белгилүү бир аймакка же тилге ылайыкташтыруу процесси. Викиказынаны интернационалдаштыруу жана локалдаштыруу аракеттери бир нече багытта жүргүзүлөт:
- Программалык камсыздоо:
- МедиаВики кыймылдаткычы (жана Викиказына колдонгон кеңейтмелери);
- МедиаВики интерфейсинин жөндөлүүчү бөлүктөрү;
- колдонуучулук скрипттер (айрыкча, жеке параметрлериңиз аркылуу орнотулуучу гаджеттер).
- Мазмун:
- долбоор барактары;
- мазмун барактары (файлдар, категориялар, галереялар);
- мазмун жана долбоор барактарында колдонулуучу калыптар.
Программалык камсыздоо
МедиаВикинин демейки билдирмелери
МедиаВики — Викиказынаны иштеткен программалык камсыздоо. МедиаВики интерфейсин (интерфейстин котормолору МедиаВкики менен кошо орнотулат) которуу Translatewiki платформасында жүргүзүлөт.
МедиаВикинин белгилүү бир билдирмесин табуу үчүн translatewiki:Special:Translations/MediaWiki: шилтемеси боюнча өтүп, билдирменин аталышын териңиз. Ал эми МедиаВикинин белгилүү бир билдирмесинин аталышын аныктоо үчүн билдирмени камтыган барактын URL дарегине ?uselang=qqx
дегенди кошуңуз. Барак кайра жүктөлгөндөн кийин билдирмелердин тексттери ордуна алардын аталыштары көрүнүп калат (Викиказына:Локалдаштыруу барагынын мисалында).
МедиаВикинин белгилүү бир билдирмесинин текстин Викиказынанын өзүнөн да көрсө болот, ал үчүн {{int:билдирменин аталышы}}
деп жазуу керек (мисалы, {{int:edit-conflict}}
MediaWiki:Edit-conflict/ky билдирмесинин текстин көрсөтөт). МедиаВикинин которулган билдирмелери тиешелүү тил коду менен коштолгон суббарактарда камтылат, мисалы MediaWiki:edit-conflict/de же MediaWiki:edit-conflict/fr. Жок (анын ичинде туура эмес жазылган) билдирмелер учтуу кашааларга алынат (<билдирменин аталышы>). Мисалы, {{int:license}} дегендин ордуна {{int:licensing}} деп туура эмес жазылып калса, ⧼licensing⧽ натыйжасына алып келет.
Калыптарда колдонуу пайдалуу болушу мүмкүн МедиаВикинин айрым билдирмелери Commons:Localization/useful MediaWiki messages барагында келтирилген. Дагы караңыз: mw:Localisation жана тутумдук билдирмелер.
Викиказынанын МедиаВикиси: ылайыкташтырылган билдирмелер
МедиаВикини коштогон демейки билддирмелерин жергиликтүү деңгээлде өзгөртсө болот.[1] Мындан тышкары, локалдаштывруу максатында MediaWiki:
аталыш мейкиндигинде таптакыр жаңы билдирмелерди түзсө болот. Эки учурда тең, аталган «жергиликтүү билдирмелер» Викиказынада гана жеткиликтүү.
- mw:Help:System message–
MediaWiki:
аталыш мейкиндигиндеги тутумдук билдирмелер боюнча МедиаВикинин маалымдамасы. Эң негизгиси: которуу (көбүнчө)/xx
суббарактары аркылуу жүзөгө ашырылат. Мисалы, MediaWiki:Summary — викинин демейки тилиндеги билдирме (Викиказына үчүнen
), ал эми MediaWiki:Summary/ky — билдирменин кыргыз тилине котормосу, ал кыргыз тилиндеги интерфейсте көрсөтүлөт. {{MWheader}} калыбыMediawiki talk:
аталыш мейкиндигинин барактарында колдонулуп, тийиштүү билдирменин котормолорун тизмелеп көрсөтөт (МедиаВикинин демейки билдирмелеринен айырмаланган учурларда гана). - Template:MediaWiki messages– негизги тутумдук билдирмелерди келтирет. Дагы караңыз: Англис Википедиясындагы en:Template:MediaWiki messages (адатта, билдирмелердин талкуу барактарында сыпаттама келтирилген).
- MediaWiki:Common.js– кол тамгаларды локалдаштырат.
- Help:Gadget-ImprovedUploadForm– жүктөө таризин локалдаштыруу тууралуу (Special:Upload).
Колдонуучулук скрипттер
- Commons:Gadgets#Localization — гаджеттерди которуу тууралуу.
Мазмун
Commons:Translation possible/Learn more — сүрөттөрдөгү тексттерди которуу тууралуу.
Долбоор барактары
Долбоор барактарын (Commons:
менен Help:
аталыш мейкиндиктериндеги барактар) которуу маанилүү. Викиказынага жаңы келген колдонуучу долбоорду жана анын максатын жакшы билбеши мүмкүн. Долбоор барактарында Викиказынанын алкагы, кандай мазмун жарактуу жана кайсынысы жарактуу эмес экени, чыгармаларды кантип жүктөө жана кайсы эрежелерди аткаруу керектиги түшүндүрүлөт.
Которууну талап кылган маанилүү барактар:
- Викиказына:Лицензиялоо;
- Викиказына:Кош келиңиз;
- Викиказына:Жок кылуу;
- Викиказына:КБС;
- Викиказына:Жоопкерчиликтен баш тартуу;
- Викиказына:Медиа жардам;
- Викиказына:Долбоордун алкагы;
- Викиказына:Бөгөттөө эрежелери;
- Викиказына:Колдонуучуларга арналган галереялар, калыптар жана категориялар;
- Викиказына:Барактарга жана файлдарга автордук укук.
Мазмун барактары
Мазмун барактары — категориялар, галереялар жана файлдардын сыпаттама барактары. Аларды локалдаштыруу процесси эки элементтен турат:
- Стандарттуу текст элементтери, адатта, тийиштүү калыптарга салынат. Мисалы, категория ар кайсы тилдеги «дагы караңыз» деген текстти көрсөтүүчү {{See also}} калыбын камтышы мүмкүн. Кээ бир учурларда,
{{int:mediawiki-message-name}}
аркылуу МедиаВикинин бөлүгү болгон стандарттуу саптарды колдонсо болот. - Стандарттуу эмес текст элементтери которуу калыптарына салынып, түздөн-түз баракка жайгаштырылат. Ошондо котормо кошулганда, программалык камсыздоо аларды тааный алат. Ал үчүн адатта, кадимки тил калыптары же {{LangSwitch}} же {{Mld}} калыптары колдонулат.
Калыптар
Калыптар — ондогон, миңдеген, атүгүл миллиондогон барактарда колдонулуучу текст саптары. Көп колдонулган калыптарды которуу менен англис тилин билбегендерге же өз эне тилинде маалымат алгысы келгендерге Викиказынаны жеткиликтүү кылса болот. Мисалы, Template:Information калыбы эки миллиондон ашуун файлдардын сыпаттама барактарында колдонулат. Ал бир нече сап текстти эле чыгарат, бирок анын котормосу бул барактардагы маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Бирок, бардык калыптарды которуу мүмкүн эмес, кээ бирлери которулууга жатпайт.
Калып интернационалдаштырылган болсо, аны которуу ыкмасы түшүнүктүү же документациясында баяндалышы керек. Калып интернационалдаша элек болсо, төмөнкү бөлүмдү караңыз.
Эң көп которулуучу калыптар жана модулдар.
Мазмунду интернационалдаштыруу ыкмалары
Интернационалдаштыруунун негизги ыкмалары:
- автокоторуу — котормолорду сактоо үчүн стандарттуу форматындагы
/xx
тил коддору менен коштолгон суббарактарды колдонгон {{Autotranslate}} калыбын колдонуу. - LangSwitch — которулуп жаткан барактын же калыптын өзүндө котормолорду сактоочу {{LangSwitch}} калыбын колдонуу;
- жөнөкөй тизме — барактын башка тилдеги нускаларына шилтемелер;
- тил калыптары — Викиказына:Тил калыптары барагында келтирилген калыптарды колдонуу;
- көп тилдүү тегдер — башка калыптарда колдонуу үчүн көп кездешкен тексттерди которууга арналган калыптар;
- МедиаВикинин билдирмелери — айрым учурларда,
{{int:МедиаВики-билдирмесинин-аталышы}}
аркылуу программалык камсыздоонун бир бөлүгү болгон стандарттуу саптарды колдонсо болот.
Татаал калыптарда көбүнчө {{Autotranslate}}, ал эми жөнөкөйрөөк калыптарда {{LangSwitch}} колдонулат. Мазмун барактарда МедиаВикинин бир нече билдирмелерин колдонуу менен LangSwitch же тил калыптары кеңири колдонулат. «Жөнөкөй тизме» ыкмасы негизи Викиказынанын долбоор барактарында колдонулат. Көп тилдүү тегдер жана МедиаВикинин көпчүлүк билдирмелери адатта калыптарда гана колдонулат. Мисалы, {{TemplateBox}} калыбы колдонулган интернационалдаштыруу ыкмасына жараша калыпты которуу боюнча стандарттуу көрсөтмөлөрдү берүү менен калыптын документациясы түзүүнү жеңилдетет.
Дагы бир ыкманы талкуу барактарынын калыптарын түзүүчү {{Talkbox}} калыбынан көрсөңүз болот (мисалы, {{Permprot}}). Бул ыкмада котормолор чакыруучу калыптын суббарактарында сакталат, {{Talkbox}} калыбы болсо мазмунду зарылдыкка жараша өзгөртүп турат. Бул ыкма автокотормого окшош, бирок суббарактарды жөндөө бир аз башкача жана /layout суббарагы жок.
Автокоторуу
- Кээ бир калыптар {{Autotranslate}} калыбы аркылуу которулган. Бул учурда {{MainTemplate}}, {{MainTemplate/en}}, {{MainTemplate/de}} ж.б. калыптардан турган түзүм пайда болот (макет {{MainTemplate/layout}} калабы менен аныкталат). Өз-өзүнчө которулган калыптар
{{Translated tag}}
менен белгиленет.- Билдирме-калыптар (мисалы, {{Blocked}} билдирмеси) {{MainTemplate/heading}} калыбын колдонуу менен которулушу мүмкүн, бирок ага MainTemplate калыбында шилтеме бериш керек жана башка калыптарды (мисалы, {{MainTemplate/heading/en}}, {{MainTemplate/heading/de}}) түзүш керек.
- {{Translated tag}} калыбы калыпты Которулган калыптар тил боюнча категориясынын тийиштүү субкатегориясына . категориялайтTemplate:translated tag/local category-en калыбында келтирилген параметр колдонулса, калып (англис тилинде локалдаштырылган калыптар үчүн) анын түрү боюнча кошумча субкатегорияга категорияланат.
Башка
- {{LangSwitch}} кээ бир калыптарды локалдаштыруу үчүн колдонулат. Мисалы, {{Shortcut}} калыбынын көмөкчү {{Shortcut text}} калыбында. Башка мисал, File:Boucher renaud et armide louvre.jpg колдонулуучу {{Académie Royale de Peinture, Sculpture et Architecture}} калыбы.
- Жөнөкөй тизме: кээ бир калыптар/категориялар которулган аталышына ээ болууга мүмкүнчүлүк берген жөнөкөй тизме ыкмасы менен локалдаштырылган (мисалы, {{Lang-CatHelp}}). Тизме калыбына шилтеме {{Header}} менен берилиши керек. Мисалы,
{{header|Lang-CatHelp}}
. - Тил калыптары галереяларды, категорияларды, файлдарды сыпаттаган барактарда колдонулат. Ар бири тилдин ISO коду. Мисалы,
{{en|English description}}
.- {{Multilingual description}} калыбы ар бир тилге котормону параметрлеринде камтыйт, андыктан ар бир баракка бир эле {{Multilingual description}} калыбы жетиштүү.
- {{Mldcat}} калыбы категория барактарында колдонууга ылайыкталган, бирок учурда js/css менен иштебегени үчүн толук фунционалдуу эмес жана эксперименталдуу болуп саналат.
- Көп тилдүү тегдер: көп тилдүү тегдер деп аталуучу калыптар белгилүү бир категориядагы билдирмелерди локалдаштырат. Мисалы, {{Language}} калыбы тилдердин аталыштарын которот. {{CountryAdjective}}, {{Occupation}}, {{NationAndOccupation}}, {{Country}} сыяктуу функцияларды аткарат. Адатта {{LangSwitch}} колдонуу менен аталыштарды, сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү которгон башка калыптар Multilingual tags категориясына категорияланат. {{Multilingual link}} Википедиянын ошол эле макаласынын ар кайсы тилдеги нускаларынын аталыштарын жана колдонуучунун интерфейсинин тилиндеги бир шилтемени көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Дагы караңыз: Help:Creating multilingual tags with interwiki links.
- МедиаВики билдирмелери: МедиаВикинин демейки билдирмелери аркылуу же ыңгайлаштырылган билдирмелерди түзүү аркылуу которуу. Жогорудагы #MediaWiki default messages жана #Commons MediaWiki: namespace custom messages бөлүмдөрүн караңыз.
Эскертмелер
- ↑ «Демейки билдирмелер» — МедиаВикини бир бөлүгү катары коштогон жана mw:Extension:WikimediaMessages кеңейтмесинин
wm-
түрүндөгү кошумча билдирмелери (мисалы, MediaWiki:wm-license-information-description).
Дагы караңыз
- Commons:Project page translation («Викиказына» жана «Жардам» аталыш мейкиндиктериндеги барактарды которуу боюнча жардам)
- Commons:Template i18n
- Commons:WikiProject Templates
- Commons:Main page templates
- Commons:Administrator translations (административдик билдирмелер)
- {{User internationalisation}} жана {{User MediaWiki}} юзербокстору
- MediaWiki:Gadget-AnonymousI18N.js (URL дарегинде
&uselang
параметрин аккаунтка кирбеген колдонуучулар үчүн сактоочу гаджет) - {{Please Internationalise}} жана {{Please translate}} / {{Description insufficient}} / Commons:Requests for translation.
- {{Template translated by copying}}, {{Redirect from translated template name}}
- Commons:Multilingual tags
- Special:MyLanguage
Жардам
Локалдаштыруу боюнча жардам ➜ Жардам тактасы